Орто салмактагы мурунку дүйнө чемпиону, германиялык Феликс Штурм салык төлөөдөн качкандыгы үчүн эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 41 жаштагы спортчу салык органдарына жалпы 1 миллион долларга жакын чыгым келтиргендиги үчүн 3 жылга эркинен ажыратылды. Буга чейин аны 5 миллион 800 миң долларга жакын салык төлөбөгөндүгү үчүн күнөөлөп жатышкан.
Штурм карьерасында жалпы 49 беттеш өткөрүп, анын 40 беттешинде жеңүүчү аталган. 2006-жылы орто салмактагы дүйнө чемпиону аталган. 2016-жылы ал орусиялык Фёдор Чудиновду жеңип, суперчемпион аталган. Бирок көп өтпөй, ал титулдан баш тарткан. Анткени анын канында тыюу салынган станозолол препараты табылган.