ОПЕК+ өлкөлөрү бүгүн, 1-майдан тартып мунай өндүрүүнү суткасына 9 миллион 700 миң баррелге чейин кыскартты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Айта кетсек, буга чейин ОПЕК+ май жана июнь айларында мунай өндүрүүнү кыскартуу боюнча бир чечимге келишкен. Мунай өндүрүү экинчи жарым жылдыкта 7 миллион 700 миң баррелге жана 2020-жылдын аягына чейин 5 миллион 800 миң баррелге чейин кыскармак.
Альянстагы өлкөлөр базардагы абал талап кылса дагы чараларды көргөнгө даяр. ОПЕК+ өлкөлөрүнө дүйнө жүзүндө өндүрүлүп чыккан мунайдын 40 пайызы туура келет.