Баткенде Тажикстандын 4 куралчан жараны кармалды

1-сентябрда Баткен облусунун Ак-Чечек айыл аймагында курал алып жүргөн Тажикстандын 4 жараны кармалганын Чек ара кызматынан билдиришти. Чек ара кызматчыларын көрүп, алар качып кетүүгө аракет кылышкан. Абага ок аткан соң ал жарандар токтошуп, чек ара кызматкерлери тарабынан кармалышкан. Алардын жанынан “Тигр” жана “Вепрь” аталышындагы алыска атуучу 2 даана мылтык жана 3 даана башка мылтыктар 25 огу менен, ошондой эле атылган 8 кекилик табылган. Алар Кыргызстанга аңчылык кылуу максатында келишкенин айтышууда. Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган жарандар жана алынган куралдар УКМКга өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Azamatnur
2013-09-02 13:00:46
Кыргызстан силердин анчы кыла турган жеринерби??? Сазайын колуна бергиле!!!
0
kalpakkg
2013-09-02 13:16:20
жоопко тартыш керек аларды,алар анчылар эмес,анчылар баары бир формада камфуляш кийип алмак беле
0
islamidin
2013-09-02 13:25:30
парашют менен тушкрндор эмепи ушулар?
0
Bellator
2013-09-02 13:41:17
aл жамшуттарды атып эле салыш керек.
0
Iskhak
2013-09-02 13:47:32
Туугандар, курал кармабай эмгек кылгыла. Өмүр кыска.
+1
Beka_89_kg
2013-09-02 16:15:05
Парашют менен тушкондор табылбай калдыбы
0
Speznaz41
2013-09-02 18:43:40
Ий келгиле кошуналар,анчылык кылгыла,тынчылык кылгыла,баарын кылгыла,акмактар десе,менин мекеним эмне силерге талпак беле тебелегидей.
0
LISICHKA
2013-09-02 18:46:24
Биздин кыргыздар кирсинчи ушинтип тажикстанга давно атып салышмак,а биздин чондор параны алышат да кое беришет уланта бергиле ишинерди деп.
0
omurbek9393
2013-09-02 23:41:11
Кыргызстанга кирип чыгуу деген эмне оной эле да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан