Биз социалдык тармакта

Футбол тарыхындагы эң мыкты машыктыруучулар аныкталды

Англиялык "FourFourTwo" журналы футбол тарыхындагы эң мыкты машыктыруучуларды аныктады. Мындай наамга шотландиялык 78 жаштагы Алекс Фергюсон татыктуу деп табылды.

Алекс Фергюсон 1986-жылдан 2013-жылга чейин англиялык "Манчестер Юнайтед" клубун машыктырган жана Улуу Британия футболунун тарыхындагы эң көп титул уткан машыктыруучу.

"FourFourTwo" журналынын маалыматы боюнча, футбол тарыхындагы эң мыкты 5 машыктыруучу төмөндөгүчө:

1. Алекс Фергюсон ("Абердин", "Манчестер Юнайтед" жана Шотландия улуттук курамасын машыктырган);

2. Ринус Михельс ("Аякс", "Барселона", "Кёльн", "Байер" жана Нидерланддар курамасы);

3. Йохан Кройфф ("Аякс", "Барселона");

4. Билл Шенкли ("Ливерпуль");

5. Пеп Гвардиола ("Барселона", "Бавария", "Манчестер Сити").

Былтыркы жылы "France Football" журналынын рейтингинде Ринус Михельс мыкты деп табылса, Фергюсон экинчи орунда болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tyty1990
2020-05-01 15:25:24
Гвардиола эмнени кыйратты. Зидан экинчи болуш керек эле
-1
talas0707
2020-05-01 17:37:22
Тарыхта деп анан жыл сайын болгону туура эмес го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан