Өлкөдөгү болуп жаткан кырдаалда муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү максатында "Capstroy KG" курулуш компаниясы 100 үй-бүлөнү азык-түлүк пакеттери менен камсыз кылды.
Ар бир үй-бүлө эң негизги керектелүүчү азыктарды - ун, өсүмдүк майы, эт, күрүч, буурчак, макарон, ачыткы, сабиз, картошка, туз, чай, шекер алышты.
"Ушул оор учурда калктын муктаж болгон катмарын бириктирип, колдоп туруу маанилүү. "Capstroy KG" компаниясы аз камсыздалган үй-бүлөлөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга ар дайым жардам берип келген, албетте, бул жолу да биз четте калбай, аз камсыздалган үй-бүлөлөрдү колдоого алдык", - деп белгиледи компаниянын коммерциялык директору Асель Абыкеева.