Түштүк Кореянын саясатчысы Ким Чен Ындын каза болгондугуна 99 пайызга ишенерин айтып чыкты

"Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын каза болду" деген маалымат чындык. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Yonhap маалымат агенттигине 2006-жылы Түндүк Кореядан качып кеткен жана азыр Түштүк Кореянын парламентинде оппозициялык партиянын өкүлү Жи Сионг Хо билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

"Бул 100 пайыз так эмес, бирок мен 99 пайыз туура деп айта алам. Түндүк Корея лидеринин каза болгондугун расмий түрдө билдирбейт. Анткени аталган өлкө мураскорлук көйгөйүнө туш болгон", - деп билдирген Жи Сионг Хо.

Жи Сионг Хонун билдиришинче, Түндүк Корея лидери өткөн дем алыш күндөрү каза болгон.

Буга чейин Ким Чен Ын жүрөк-кан тамыр оорусуна байланыштуу операция жасагандан кийин абалы начарлап кеткендиги кабарланган. Бирок кийинчерээк Түштүк Корея президентинин кеңешчиси Мун Чжон Ин Ким Чен Ындын акыбалы жакшы экенин, ал 13-апрелден бери өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Вонсан шаарында экендигин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Baatirbek81
2020-05-01 22:23:14
Ыйманы саламата болсун.
Жаткан жери жайлуу болуп топурагы торко болсун
Оомин!
-2
adoi
2020-05-01 22:28:23
Baatirbek81, мусулман болбосо топурагы торко болбойбу деймин, аалымдардан сурап билиш керек эле.
+5
Baatirbek81
2020-05-01 22:54:16
adoi,)))))
-4
erlan2196
2020-05-02 00:27:44
adoi,
Аалымы жок оз алдынча ой жугуртконду уйронуш керек. Аалым молдолорго коз каранды болбой. Аалымдар арабтардын гана созун суйлойт.
-11
Chungyz
2020-05-01 22:46:04
Ким отуп кетиптир
+8
patiydin
2020-05-01 22:55:03
Chungyz,Ленин атабыз!
+7
nurgaz
2020-05-01 22:53:14
Ким акага ниме болуптур
+6
gulam
2020-05-01 23:23:21
Ким Чен Ындын өлүмү дагын Ислам Каримовтукундай болуп жатырыго. Корейлер бирөөсүн башчы кылып даярдап коюп анан айта тургандай. Анан эли бийликтен коркконудан көзүнө жаш алып көчөгө миллиондогон эл чыгып узатат. Не болгондо дагы тарыхта күчтүү лидер болуп кала берет.
+12
zzz---zzz
2020-05-02 01:27:51
gulam,эми ордуна карындашы президент болот.
+4
brentfo
2020-05-01 23:25:46
Жүрөк оору болуп өлсөда бирөөдөн көрбөй өзү өлсө өзү гүнөөлү э кылбаштар гайсыбир мамлекетте артис өлсөда атасы өлсөда бирөөдөн көрбөй
+2
bond02
2020-05-02 00:36:47
Олсо эмне жашырып жатышат же тирилткенге аракет кылып жатышабы.
+2
satyke
2020-05-02 01:48:30
bond02,Мураскери жок карындашынан башка. Мумкун партиянын доо-шаалары карындашынан башка адамды бийлике алып келе албай атышкандыр.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан