"Япондор бизге чебурашканы берсе, биз Москвадагы кыргыздарды беребиз". Иван Урганттын кыргыздар тууралуу тамашасы талкууга түштү

Орусиялык телеалпаруучу Иван Ургант өзүнүн берүүсүндө "Союзмультфильм" тарабынан Японияга сатылган чебурашка тууралуу сөз кылып, анда кыргыз калкын да какшык иретинде кошо кеткен.

Телеберүүдө "Союзмультфильм" тарабынан Японияга сатылган чебурашканы кайтарып алуу тууралуу кеп козгоп, "биз кайсы учурда Чебурашканы кайтарып алсак болот? Япондор анын ордуна бир нерсе бергиле деп соодалашат да. Биз аларга башка келишим сунуштайбыз. Силер бизге чебурашканы бересиңер. Биз ордуна Москвадагы бардык япон ресторанындагы официанттарды беребиз. Бул жол менен жакшы иш кылабыз. Чебурашканы өзүбүзгө кайтарып алабыз, ал эми Кыргыз өлкөсүнүн жарым калкы акыры Токиону көрүп калат", - деген телеалпаруучу.

Аталган видео кыргыз коомчулугунда талкууга алынып, Ургантты да Андрей Малаховдой кылып кечирим суратыш керек дегендер болууда.

Буга чейин орусиялык телеалпаруучу Андрей Малахов "Россия 1" каналында көрсөтүлгөн "Прямой эфир" берүүсүндө Москвада каза болгон миллиардердин баласы Александр Маруговдун өлүмү тууралуу баяндалган. Анда өлтүрүүгө шектелген Кыргыз өлкөсүндө туулуп-өскөн Исламбек Акбаров тууралуу "ага 100 миң доллар берсең анын үй-бүлөсү, бүтүндөй айылы бактылуу болот. Алар эч качан мындай акчаны таба алышпайт", - деп айткан. Анын бул билдирүүсү катуу талкууга түшүп, акыры Малахов кыргыз элинен кечирим сураган.

Иван Ургант кыргыздарды Орусиянын менчиги катары көрөбү?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
Kyrgyz_bloger
2020-05-02 01:39:22
Япониядан иш берип киргизсе жыргап эле бармакмын,япондор орустарга караганда жуз эсе маданияттуу эл.
+19
gitaris93
2020-05-02 03:18:45
Биздин депутаттардан жооп: Сөөктө тил жок
+7
Telibaitentek
2020-05-02 04:01:12
Союз таркап жакшы болду, болбосо түбөлүк ушул орустарга баш отубуз мн кул болуп калмак экенбиз
+11
Zulaika94m
2020-05-02 07:34:54
Бул тамаша иреетинде айтылган сенарийго дейм. Ага маани берип кыжырдануунун кереги жок!!! Туугандар!! Тамашоудо деле тамашага салып эмнелерди гана корсотушпойт. Ошондой эле нерседа
+5
EddieNigma
2020-05-02 09:00:28
Кыргыздын "интернет жоокерлерине" Кудай берди эми)))
+6
KaGaH
2020-05-02 09:26:47
Койгулачы бул тамаша го,орустарды деле Иван дурак деп тамашалашат го батыш өлкөлөрүндө,чымындан пил жасай бербегилечи юморду түшүнө билиши керек,анан мен тыкан жүрөм деп мен орусча жакшы сүйлөйм,деп бири бирине кыйынсынбай,уй бүлө багып стройкада иштесең тыкан жүрмөк түгүл өзүңдү таппбай каласың
+14
BarsBaatyr
2020-05-02 10:17:28
Эмнебизге арданабыз? Орустардын ордунда биз болгондо бизден дагы чыкмак басмырлагандар. Чындыка чычалабашыбыз керек. Качан гана мамлекет башындагы ичип-жегичтердин ордуна адилеттүү башчылар келип, мамлекетти оңдоп, элди жумуш менен камсыз кылганда ушундай басмырлоодон кутулабыз. Ага чейин мындай көрүнүштөргө чычалабай койсок деле болот.
+8
zamir_kgz
2020-05-02 12:21:40
BarsBaatyr,3 бир тууган ага инилер болуп бир бригада орустарды уруп жатканда чечендер карап турушкан. Бирок бригадири келип кечирим сурап арыз жазбай коюшкан.
+1
Tolik777
2020-05-02 11:56:10
Эмне чычалайсынр? Ваня туура эле тамашалап жатат. Кыргыздар тентип кетти жер жузуно, Москвада суши барда иштеген кыргыздар коп. Японияга кыргыздар барса жаманбы?
+3
suban78
2020-05-02 13:02:21
Мен кемсинткен нерсе коргон жокмун. Тамаша эле иретинде айтылган соз, оруста ыйман бар.
+4
-adam
2020-05-02 14:30:08
Эми кемчилик озубуздо да бар ,жапырт барып алганбыз.Кээ биркилер айылдан жок дегенде облустун борборун корбой барышкан.Метродо кетип жатып коруп Бир жагынан уялсан,бир жагынан зээнин кейийт.Озубуздун олко онуксо ,озубуздон отоор жер жок.Эмне болгон кундо да оздорунун эли да биздей эле Европа олколорундо иштеп журушот.Биздин олко да онолоор ,бийликке да элим деген адам келээр.Элдер юмор катары тушунсо тушуноор бирок менде ушундай нерв кайнап Кетти.
+5
Birimdik5555
2020-05-02 14:46:23
Япондорго саткан чебурашканы бут армяндарынды берсен да ала албайсын,чебурашканы унут эми ал япондордуку
+1
PeRa
2020-05-02 19:01:47
Официанты суши бара деп Азия Микс деле тамашалаган.
+2
KaGaH
2020-05-02 20:29:27
Тентип кеттик кыргыз,жер жүзүнө таруудай чачылып, сөзүбүз кыска эч нерсе дей албайбыз
Биздин чоңдор күнөөлүү
+2
Akoga
2020-05-02 22:46:09
Бүгүн тентип жүрсөк, бир күнү сааты, мезгили келгенде кремлди биз башкарабыз.
-1
gulya583
2020-05-02 22:51:39
Ургант орус эмес, еврей деп уккам
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан