Акыркы 20 күн ичинде ар кандай ушактардын каарманы болгон Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын эл алдына чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Ким Чен Ындын сүрөттөрүн өлкөнүн "Нодон синмун" эмгек партиясы жарыялаган. Алар Сунчхондогу жер семирткичтер заводунун 1-майдагы ачылышында тартылган.
Лидер кызыл лентаны кесип заводду ачык деп жарыялаган. Анын ооруганы байкалган эмес. Сүрөттөрдө Ким Чен Ын мурдагыдай эле жылмайып турат.
Заводдун ачылышына өлкө башчысынын карындашы, келечектеги лидер Ким Ё Чжон да келген.