Венесуэладагы түрмөдөн качуу аракетинде каза болгондордун саны 46га жетти

Венесуэладагы түрмөдөн качуу аракетинде каза болгон туткундардын саны 46га жетти. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазып чыгышты.

Буга чейин Венесуэланын түндүк-батышындагы Португеса штатында 17 туткун каза болгону кабарланган.

Маалыматка ылайык, жабыркагандардын тизмеси дагы көбөйүшү мүмкүн. Анткени жаракат алгандардын так саны азырынча аныктала элек жана алардын абалы оор экени айтылууда.

"Ошондой эле мекеменин директору Карлос Рохонун аркасынан катуу бычак сайылган жана тополоңду басууга катышкан Улуттук гвардиянын лейтенанты туткундардын бири ыргыткан жарылуучу шаймандын сыныктарынан жабыркаган. Массалык качуунун кесепетинен 46 жаран каза болду", - деп айтылат маалыматта.

Жергиликтүү укук коргоо уюму туткундардын түрмөдөн качуусунун себеби катары түзөтүү мекемеси толуп кеткендигинен улам деген тыянак чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан