АКШнын президенти Дональд Трамптын басма сөз катчысы Кейли Макинани 2019-жылдын март айынан бери алгачкы жолу журналисттер үчүн брифинг өткөрдү.
"Мен силерге эч качан калп айтпайм. Сөз берем", - деп билдирген брифингде Макинани.
Мындан кийин Трамптын ордуна басма сөз катчы өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат жыйын берип калышы мүмкүн. Анткени буга чейин күндө эфирге чыгып жаткан өлкө башчысы акыркы күндөрү журналисттер менен болгон пикир келишпестиктен улам түз эфирге чыкпай калган.
Басма сөз катчы журналисттерди элге так, туура маалыматты жеткирүүгө чакырды. Макинани апрель айынын башында Стефан Гришэмди алмаштырган. Гришэм март айында салттуу маалымат жыйындарын жоюп салган.