Илон Маск болгон мүлкүн сатууну пландоодо. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Мен мүлкүмдүн баарын сатып жатам. Эми менин үйүм болбойт", - деп жазган Маск.
Ал эмне себептен мындай кадамга барып жатканын түшүндүргөн эмес. Ишкер анын компаниясынын акцияларынын баалары эң жогорку баада экенин да айткан. Аталган компаниянын баалуу кагаздарынын баалары кечээ, 1-майда 9,18 пайызга арзандаган.
АКШнын айрым миллиардерлери дүйнө жүзүн каптаган пандемияга карабай өзүнүн байлыгын көбөйтүүгө жетишкен. Анда Масктын байлыгы 5 миллиард долларга көбөйгөн.