"Tesla" компаниясынын жетекчиси Илон Масктын социалдык тармактагы мүлкүн сатуу тууралуу болгон билдирүүсүнөн кийин, компаниянын акциялары 10 пайызга арзандады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, компания күндү 15 миллиард доллар жоготуусу менен жыйынтыктаган.
Акыркы күндөрү Маск өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган билдирүүлөрү менен элди таң калтырууда. 29-апрелде ал карантинге байланыштуу компаниясын жабуу тууралуу ойлору жок экенин билдирсе, андан соң карантин бул адамдардын укугун чектөө экенин жазган.
Көп өтпөй АКШда болуп жаткан адамдардын массалык өлүмү коронавируска такыр тиешеси жок экенин айткан.