Сенаттын депутаты Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаеванын ыйгарым укугу токтотулду. Бул тууралуу буйрукка өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев кол койду.
Бул маалыматты Токаевдин администрациясы таратканын казак басылмалары жазып чыгышты.
"Мамлекет башчысынын жарлыгы менен Казакстан Республикасынын парламент сенатынын депутаты Дарига Назарбаеванын ыйгарым укугу токтотулду", - деп жазылган администрация тараткан маалыматта.
Анда президенттин буйругунан тышкары ашыкча маалымат айтылган эмес.
Айта кетсек, Дарига Назарбаева 2016-жылы 13-чакырылыштагы парламент сенатынын депутаты болгон. Ал эми 2019-жылдын 20-мартынан бери Казакстан парламентинде сенаттын спикери кызматын ээлеп келген.