Өзбекстанда жарылган дамбанын айынан Казакстандын 4 айылынын эли эвакуацияланды

Өзбекстандын Сырдарыя облусунда жарылган дамбанын айынан Казакстандын 4 айылынын эли эвакуацияланды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Түркстан облусунун Мактаарал районунун 4 айылын суу каптаган.

"Мактаарал районунда секундасына 180 куб метр болуп келген агымдын айынан суулар коллектордон чыгып кеткен. Чыккан суу Жаңы-Жол, Женис, Енбекши жана Жаңы Турмыс айылдарын суу каптоо коркунучу жаралган", - деп жазылат маалыматта.

Аталган айылдардан жалпы 5 миң 400 адам коопсуз жерге эвакуацияланган. Окуя болгон жерде тийиштүү органдардан 150 адам иш алып барышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Chungyz
2020-05-02 16:04:07
Кесепети бизге тийбесин суу сурап кошуналар озубуздо да аз экен суу
+14
Tolkun555
2020-05-02 16:30:44
Chungyz,коркок биринчи муштайт болупсун го.берекесин кудай берсин.
+1
Aliar1
2020-05-02 16:48:17
Туркстан эмес балким Туркестандыр мен каридордо окуганмын демек силерден жакшы окуганмын
+11
satyke
2020-05-02 20:56:35
Aliar1,Түркстан менен Туркестандын айырмасы Кыргызстан менен Киргизиядай.Коридордо окугандыгын көрүнүп турат.
-7
bazar
2020-05-03 15:55:15
Кебир пикир калтыргандар атайы ката издеп эле келишет окшойт. Түркистан деген туру эле сөз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан