Орусиянын Новосибирск шаарында "бойго жете элек кызды зордуктаган" деп шектелип кыргызстандык эки жаран кармалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жарыялашты. Полицияга 15 жаштагы мектеп окуучусу арыз менен кайрылган. Анда окуучу 30-август күнү кечке маал азиат улутундагы 2 адам тарабынан зордукталганын тууралуу жазган. Бул кылмышка шектүү деп 22 жана 45 жаштагы Кыргызстандын жарандары колго түштү. Эгер күнөөлүү деп табылса 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.