Бишкектеги Ак-Өргөө конушунда 2 жумушчу 8 миң сом үчүн бир жаранды өлтүрүшкөн. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Айсулуу Казыбек кызы 26-августта 52 жаштагы атасы Казыбек үйдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбегендиги тууралуу арызы менен милиция кызматкерлерине кайрылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, маркум Казыбек тосмо курдуруу үчүн 2 жумушчу жалдап, аларга 8 миң сом төлөп бермей болот. Жумуш бүткөн соң алар акчасын доолашат, бирок үй ээси азыр акчасы жок экендигин айтып, баласына велосипед сатып берип койгондугу менен түшүндүрөт. Маркум аялы менен ажырашып кеткендиктен, баласын апасы алып кетерде велосипедди жумушчулардын бири тээп кеткен болот. Ага жини келген үй ээси жумушчу келгенде уруша баштайт. Казыбекти тынчтандыруу максатында жумушчулар арак сатып алышып, үчөө ичип, натыйжада уруш чыгып, жумушчулардын бири отургуч менен үй ээсин башка чаап, анын өлүп калгандыгын билишкен соң чуңкурга таштап, таштандылар менен көмүп салышат. Иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектелип 1993-жылы туулган Дилмухамед аттуу жаран кармалган. Ал өз күнөөсүн мойнуна алып, өлүк кайсы жерде экендигин көрсөтүп берген. Учурда 2-шектүүнү издөө иштери улантылып жаткандыгы айтылды.