Чаки аттуу өлтүргүч куурчак тууралуу тасманын сценаристи Жон Лафия 64 жашында өмүрүнө кол салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Лафия 29-апрель күнү жанын кыйган, бирок суук кабар калың журтка 2-май күнү белгилүү болду. "Биз Жон Лафиянын каза болгонун угуп нес болдук. Ал баштан эле Чакинин "үй-бүлөсүнүн" маанилүү элементи болгон. Режиссёр Том Холланд, Жон Лафия жана мен "Балдар оюнуна" сценарий жазганбыз. "Балдар оюну-2" тасмасын Жон тарткан", - деп эскерген кесиптеши Дон Манчини.
Белгилей кетсек, аталган тасмадагы куурчактын атын Чаки деп ойлоп тапкан жана анын "Салам, мен Чаки! Ойнойлубу?" деген фразасын да Жон Лафия ойлоп тапкандыгы айтылат.