Бишкек: Кикбоксчу Алексей Федосеевди сабап кетишти. Учурда ооруканада

Бишкекте 30-август күнү белгилүү кикбоксчу Алексей Федосеевди кафеден бирөөлөр сабап салышты. Учурда спортчу ооруканада. Анын машыктыруучусу Жанбулат Амантаевдин бизге билдиришинче, окуя "Тагай-Бий" кафесинде болду. Үйлөнүү тойго конокко барган спортчу менен бирөө мушташып кетиптир. Урушту ал жердегилер токтотууга аракет кылышкан, бирок өчөшүп калган он чакты адам Федосеевди кафенин жанынан сабап салышты. Спортчунун астынкы жаагы талкаланып кеткени белгилүү болду. Учурда окуя боюнча териштирүү жүрүп, экспертиза дайындалды. Спортчуну сабагандар изделүүдө.   

Алексей Федосеев - кыргызстандык кикбоксчу. 2008-жылы Европа чемпиону аталса, 2010-2011-жылдары Евразия чемпиону, 2012-жылы континенттер аралык чемпион болууга жетишкен. 2012-жылы Дүйнө чемпиону болгон. Мындан сырткары көптөгөн республикалык жана эл аралык ири мелдештердин жеңүүчүсү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Aybek777
2013-09-02 17:08:39
Ана сага куч атасын тааныбайт деген ушулда
-1
Kyzyl-Unkur
2013-09-02 19:05:43
Aybek777, Куч атасын тааныбайт дегенине жол болсун! Ал жерде 10 чакты адам деп жатпайбы.
+1
Bekish-kg
2013-09-02 20:53:58
Kyzyl-Unkur, 10 чакты адамды кикбоксер жон эле талкалап салса болот эле,талкалай албаса да анчалык келтек жешке жол бербейт эле кол салгандарда демек спортсмендер болгон.
-1
nazira1989
2013-09-02 17:17:17
Ээээхх спортчуларыбызды которо албай турган маалда эмне эле сабап жатышат эми?!Койгулачы,спортчулар деле жон адамдар деле тынч эле жургулочу эй...
0
MEDER_KULETOV
2013-09-02 19:35:49
Ku4 atasyn taanybait degen sozgo kowulam,birok egerde jekeme jeke 4ygyp keltek jese owondo kana ku4 atasyn taanybait dep aitsa bolot eger owol muwtawkan jigit erkektik kylyp sabap koiso anda soz bawka bolmok a jabylyp sabap koigonu bul erkekterdin namysyn korgoboi kaira abiirin 4a4kandyk jigitter kelip ke4irim surap koigonu durus ele bolmok azyrky u4urda!
0
azamat85
2013-09-02 20:33:57
биздин спортчуларды тунку клубтардан коп коруп калам, аябай бой которушот, негизи булар интервью бергенде эфирге чыкканда жакшы момун балдар болуп корсотот оздорун, бул да ошондой бой которсо керек, анан ордуна коюп коюшкандыр балким, кудай билет...
0
dikeii
2013-09-02 21:45:04
жабылып сабаш бул эркектик эмес, бирок жаман иш болуптур. куноо кимде экенин билбей эч нерсе айта албайсын.
0
abhaz86
2013-09-03 21:35:18
уйаттары жокта бул эркекчилике жатпайт,шакалдардын стаясындай болуп чабандар.
0
nuris05
2013-09-12 05:21:42
chinigi sportsmender bolso ech kachan antip on kiwi biroonu sababait bolchu.alekseide jakwi taaneim al jonokoi jigit.al duinnonun chempionu.kirgizstandin atin chigargan jigitti urbai ele koiuwsa bolmok.aleksei erterek aiegep ringge keliwini kutobuz. from germes profee
0
crishti_7
2015-01-29 13:58:46
Баягыда айтты эле Федосеев мага СШАдан звонтетип атышат. Бирок мен отказ бердим КРнын атынан кана чыгам деп. Эми СШАга кетип калбаса эле болду! Муну уруп салган адамдар наалат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан