Оппозициянын 8-9-10-сентябрда бийликти кулатуу пландарынын бети ачылды. Бийликке каршы Ысык-Көл жана Нарын элин көтөрүп чыкмакчы болгон иштердин башында мурдагы депутаттар Садыр Жапаров, Талант Мамытов, Кубанычбек Кадыров, экс-министр Аликбек Жекшенкулов жана башкалар бар экен. Муну оппозиция менен буга чейин иштешип келген Эрланбек Өмүралиев УКМКга билдирди. Сүйлөшүү жашыруун камерага тартылып, видеотасма 2-сентябрда телеканалдар аркылуу жарыяланды. Анын айтымында, оппозиция азыркы бийликти кулатуу үчүн 3 долбоор даярдоодо.
"Биринчиси - "Кубакы ашуусу" долбоору. 8-сентябрда Бишкек - Ысык-Көл - Нарын - Балыкчы унаа жолу тосулат. Ар бир тосулган жерде 600-700дөн киши болот. КамАЗдарга арматура, үстүнө таштар жүктөлүп аймакка жеткирилмекчи. Муну уюштуруучулар бир кафенин курулушуна керектүү материал катары алып өтүшөт. Кокус Жети-Өгүздөгүдөй ызы-чуу чыгып кетсе, арматураларды ОМОНдорго каршы колдонуу пландалган".
"Экинчиси - "Юпи" долбоору же Нарын дарыясын уулоо. Операцияны Эки-Нарындын башына барып жайгашкан жашыруун топ ишке ашырмакчы. Ал топ Нарын дарыясына уулуу химиялык порошок салып, дарыяны ууландырат. Бул учурда Нарын шаарында облустун 85, шаардын 145 жылдыгына арналган балыкчылардын сынагы орун алат. Алдын ала атайын кармалган балыктарга шприц менен курамында цинк бар химиялык кошулма сайылып, анан дарыяга ташташат. Бул убакта суу булганып, муну коомчулукка жар салып ызы-чуу чыгарыш үчүн атайын сүйлөшүлгөн балыкчылар даяр турат. Аларда кокустан видеокамера пайда болот да, окуяны тартып алып, бүт мамлекеттик органдарга таратат. Муну менен оппозиция паника жаратат. Буга күбө болгон активдүү жаштар гана эмес, төшөктө жаткан пенсионерлер да үйүнөн чуркап чыгат. Бул пландарды "Хизбут-Тахрир" уюмунун өкүлдөрү ишке ашырат".
"Ал эми үчүнчүсү тууралуу биз да жакшы билбейбиз. Айтышты, үчүнчү долбоор алдынкы экөөнө салыштырмалуу болуп көрбөгөндөй күчтүү план деп. Анын жанында "Юпи" долбоору бул жакта эле калат дешти. Билбейм, террордук акт эле болот го анда. Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, андан кийин чоң жыйын болот. Ага Садыр Жапаров, Талант Мамытов, Аликбек Жекшенкулов жана башкалар катышат. Камчыбек Ташиевдин катышары же катышпай турганы азырынча белгисиз".
Оппозициянын 3 планы тууралуу Өмүралиев ушуларды билдирди.
Айта кетсек, Өмүралиев 24-августта Соң-Көлдө өткөн жаштар курултайынын уюштуруучуларынын бири жана алып баруучусу болгон. Май, июнь айларында Жети-Өгүздө өткөн митингдердин да активдүү катышуучусу. Кесиби юрист, жеке адвокат болуп иштейт. Ал буга чейин азыркы оппозиция менен иштешип келгенин, бирок эми алар менен кызматташууну токтотконун айтты.