Ирандын ОПЕКтеги өкүлү комага түшүп калды

Ирандык саясатчы Хосейн Каземпур Ардебилинин мээсине кан куюлуп, комага түштү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"Биздин ОПЕКтеги алмаштыргыс өкүлүбүз азыркы тапта кома абалында жатат. Ал ооруканага 1-майда түшкөн", - деп жазылат маалыматта.

Хосейн Каземпур Ардебили мунай секторундагы маанилүү адамдардын бири. Саясатчы өз ишмердүүлүгүн 1980-жылдары тышкы иштер министринин орун басары кызматынын баштаган. 1990-жылдардын башында Иран өлкөсүнүн ОПЕКтеги өкүлү болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан