Польшада президенттик шайлоо почта аркылуу өтөрү айтылууда
Польшада 10-майда президенттик шайлоо өтөт. Пандемия шартында аны почта аркылуу өткөрүү сунушу каралууда. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазышты.
"Оппозициялык маанайдагы саясатчылар жана укук коргоочулар эпидемиологиялык абалга байланыштуу шайлоонун мөөнөтүн жылдырып турууну сунушташкан. Бирок польша өкмөтү шайлоо белгиленген 10-майда өтөрүн билдирген. Байкоочулар учурдагы Польшанын президенти Анджея Дудуну калктын 60 пайызы колдойт деген божомолун беришкен. Андан тышкары дагы 6 талапкер өлкө башчылыкка ат салышууда.
Шайлоону почта аркылуу өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун польша сейми (ред: Польшанын мыйзам чыгаруучу төмөнкү палатасы) апрелдин башында жактырган. Жакынкы күндөрү шайлоодо дистанциялык добуш берүү долбоорун өлкө сенаты (ред: 100 депутаттан турган жогорку өлкөнүн палатасы) карап чыгышы керек. Польшанын өкмөт башчысы Матеуш Моравецкий аралыктан өткөргөн шайлоо коопсуз экенин айтып, сенатты мыйзам долбоорун колдоп берүүгө чакырган. Ал эми Еврокомиссия Польшада эркин жана акыйкат шайлоону күтүп жатканын билдирген. Бирок мындай жаңы ыкмага өлкөнүн мурунку президенттери жана өкмөт башчылары каршы чыккан", - деп жазылат маалыматта.
Маалым болгондой, социалдык сурамжылоодо польша калкынын 30 пайызы дистанциялык түрдө добуш берүүгө макулдугун билдирген.