"Оппозицияны колдоп жүргөн “Бүткүл Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Чыңгыз Капаров чыныгы зөөкүр",- деп билдирди оппозиция менен буга чейин иштешип келген Эрланбек Өмүралиев УКМКнын кызматкерлерине. Сүйлөшүү жашыруун видеокамерага тартылып, 2-сентябрда телеканалдар аркылуу жарыяланды. Өмүралиевдин айтымында, Капаров жетим өскөн бала, сүйүү, мээрим көргөн эмес. “Жеткен өзүмчүл бала, бийлик үчүн баарына даяр. Ал кыргыздын лидери болууну гана каалайт, башка жакта эмне болуп жатканын уруп да ойнобойт. Элдин тагдыры да баары бир. Оппозиция аны эмнеге жактырат, анткени анын уюштуруучулук жөндөмү абдан жакшы. Ал 8-сентябрга белгиленген “Кубакы” долбооруна көп киши чогултат. Капаровдун негизги максаты – парламенттик шайлоодо тизмедеги биринчи ондукка жада калса, биринчи бештикке кирүү. Бул маселе боюнча оппозиция менен ал эбак эле соодалашып койгон”,- деди ал. Айта кетсек, Чыңгыз Капаров Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмоновдун жардамчысы жана Соң-Көлдө өткөн жаштар курултайынын уюштуруучусу.