Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаеванын ордуна башка спикер дайындалды

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаеванын ордуна Маулен Ашимбаев келди. Ал Казакстан парламентинин сенатынын спикери болуп дайындалды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, шайлоо бүгүн, 4-майда болуп, депутаттар Маулен Ашимбаевдин талапкерлигин бир добуштан колдошкон.

Маулен Ашимбаев 2019-жылдан бери Казакстан Республикасынын президентинин администрациясында жетекчинин орун басары болуп иштеп келген. Ал 49 жашта.

Айта кетсек, буга чейин сенаттын депутаты Дарига Назарбаеванын ыйгарым укугу токтотулган. Дарига Назарбаева 2016-жылы 13-чакырылыштагы парламент сенатынын депутаты болгон. Ал эми 2019-жылдын 20-мартынан бери Казакстан парламентинде сенаттын спикери кызматын ээлеп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
akmanai
2020-05-04 17:27:46
Эки вариант божомолдо. Же Дарига Назарбаеванын званиясы которулот же Токаев уже Назарбаев менен пикири келишпей баштады.
+8
Ananaska
2020-05-04 22:29:23
akmanai,Дарига президенттике барат да "Нур отан" партиясы "Дарига" болуп алмашат. Ансыз деле бийлик Дариганын козомолундо.
0
Daniel8885
2020-05-04 18:14:19
Шах и мат....место алмашат если
+3
assanov97
2020-05-04 18:41:48
Соке вступила группу
-4
Mirlan27011987
2020-05-04 19:26:19
Сокенин махинациясы башталды го.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан