Америкалык миллиардер, "Tesla" компаниясынын жетекчиси Илон Маск алтынчы ирет ата болду. Баланын апасы "Граймс" каймана аты менен таанымал болгон канадалык ырчы Клэр Буше.
Чет элдик басылмалардын жазганына ылайык, балалуу болгонун Илон Маск өзү билдирген. Анда "бир нече саат мурда... Эне, бала өздөрүн жакшы сезип жатышат", - деп айтылган.
Илон Масктын биринчи жубайы Жюстин Уилсондон 5 баласы бар.