"The New York Times" басылмасы Владимир Путинди сындап жазган макалалары үчүн Пулитцер атындагы сыйлыкка татыды

"The New York Times" басылмасы орус бийлигин сындап жазган макалалары үчүн Пулитцер атындагы сыйлыкка татыды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Сыйлыктын уюштуруучулары Владимир Путин башында турган бийлик өзүнө энчилеп аткан тең укуктуулук иш-аракеттерин төгүндөгөн бир нече макалаларды баса белгилешкен. Бирок кайсы макалалар сыйлыкка татыганы так жазылган эмес.

Басылма сыйлыкты "Эл аралык репортаж" номинациясында жеңип алган.

2017-жылы да аталган басылма Владимир Путин тууралуу жарык көргөн макаласы үчүн сыйлык алган.

Пулитцер сыйлыгы - АКШдагы журналистика, адабият, музыка жана театр тармагында берилүүчү эң беделдүү сыйлыктардын бири. Аталган сыйлык гезит магнаты Жозеф Пулитцер көз жумган соң 1917-жылдан тартып берилип келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nurbek11
2020-05-05 18:47:08
Бул сыйлык бир тараптуу сыйлык экен. Айдай сыйлык алгандан албай эле койгон жакшы экен.
-1
tular
2020-05-06 12:18:21
nurbek11,эң туура
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан