Буллинг, абьюз, боссинг, орбитинг... Социалдык тармактарда кеңири жайылган терминдердин маанисин билесизби?

Илим, технология өнүккөнүнө байланыштуу азыркы тапта дээрлик бардык адамдарда интернет колдонууга мүмкүнчүлүк бар. Муну менен бирге эле адамдар көп сандаган социалдык тармактарды ар кандай мобилдик тиркемелерди колдонуп жатышат.

Азыркы тапта социалдык тармактар өзүнчө бир чоң күчкө ээ. Мисалы, кыргыз сегментин алып карасак социалдык тармакка жайылган кандайдыр бир маселе аз убакыттын ичинде чечилет. Ар кандай мамлекеттик органдар да өзүнүн ишин, ар кандай кайрылууларын социалдык тармак аркылуу коомчулукка жеткирүүдө.

Бирок медалдын эки бети бар болгон сымал эле социалдык тармактардын колдонуучуларынын активдүүлүгү айрым учурда терс көрүнүштөргө да алып келет.

Интернет колдонуучулар социалдык тармактарда ар кандай терминдерди колдонушат. Дал ошол терминдердин маанисин сиздерге түшүндүрүп берүүгө аракет кылабыз.

Буллинг - бул бир адамдын бир адамга карата психологиялык басым кылуусу, аны ур-тепкиге алуу.

Моббинг - коллективдеги бир адамга топ адамдар тарабынан психологиялык зомбулук көрсөтүүсү.

Боссинг - моббингдин бир түрү. Бирок бул учурда коллективдин башчысы көшөгө артында турат, ал эми калгандары башка адамга кысым көрсөтүү үчүн анын көрсөтмөлөрүн аткарат.

Кибермоббинг - интернет-моббинг, кибербуллинг деп да аталат. Мында жаңы коммуникация технологияларын колдонуу менен кайсы бир адамды узак убакыт бою коркутуу, опузалоо. Анда адамдар аталган иш-аракеттерди анонимдүү түрдө кылат. Ошондуктан жабырлануучу агрессивдүү иш-аракеттер ким тарабынан келип жатканын билбейт.

Харассмент - кысым көрсөтүү, артынан түшүү дегенди түшүндүрөт.

Абьюз - адамдын эркин сындырып, өзүнө баш ийдирүү максатында жасалган зомбулук.

Неглект - психологиялык зомбулуктун эң оор формасы. Бул форма жабырлануучунун белгилүү бир деңгээлдеги изоляцияда болгон учурда гана пайда болот. Анда неглектер өзүнүн муктаждыктарын жана өзүнө жакшы шарттарды бирөөнүн эсебинен камсыздайт.

Гостинг - адамдын иш-аракеттерин көз жаздымда калтыруу. Мисалы, сиз бир адамга жолугуп, бирок ал сизге жакпай калды. Жолугуудан соң сиз ал адам жазган билдирүүлөргө жана чалууларына жооп бербей жатасыз. Мындай иш-аракет гостинг деп аталат.

Гэтсбинг - кандайдыр бир билдирүүнү жалпыга жарыялап, бирок белгилүү бир адамдан гана жооп күтүү. Мисалы, сиздин курбу кызыңыз өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына бүгүн кечинде киного баруу үчүн шерик издеп жатканын жазды. Бирок ал аталган билдирүүгө бир гана адамдын жооп берүүсүн күтүп жатат. Кыздарга көбүрөөк таандык болгон бул иш-аракет гэтсбинг деп аталат.

Лукизм - бул адамды сырткы келбети үчүн дискриминация кылуу.

Орбитинг - мурунку сүйүктүү адамыңыздын же мамиле үзүлгөн досуңуздун социалдык тармактагы баракчасына жазылуу бойдон калуу. Анын сүрөттөрүнө жакты белгисин басуу.

Чайлдфри - балалуу болбоо чечими.

Жогорудагы терминдер интернет айдыңында кеңири колдонулуп, адамдардын лексиконунда туруктуу орун таап жаткан учуру.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ainura220888
2020-05-05 18:16:00
Биринчи жолу угушум
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан