Түркмөнстандын Түркмөнбашы жана Дашогуза шаарларынын тургундары бири-бири менен кол алышып учурашпай калышты. Мындай маалыматты көз карандысыз жергиликтүү басма сөз булактары жазып чыгышты.
Маалыматта корнавирус эпидемиясынын коркунучу астында адамдар тойлорго да барбай калышканы айтылат.
"Түркмөнстанда массалык иш-чараларды жана үй-бүлөлүк майрам, тойлорду өткөрүүгө чектөө коюлган эмес. Ага карабай жарандар арасында кооптонгон учурлар күн санап өсүүдө. Мисалга жакында эле болгон бир үй-бүлөнүн юбилейлик кечесине чакырылган 100 адамдан 38и эле келген. Мурда Рамазан айында кошуналар ооз ачуу жөрөлгөсүн байма-бай уюштуруп келишкен. Учурда бир үйгө чогулган чоочун адамды сейрек кездештирсе болот. Айрыкча Түркмөнбашы жана Дашогуза шаарларында адамдар үйдө отурууга өтө башташканын байкаса болот. Көчөдөн тааныштарды жолуктурганда мурункудай кол алышуу жок, ар бири кыска учурашып жолун улантууга шашып калганын шаар тургундары билдиришкен. Өлкө жетекчилиги калкка коронавирус жок экенин айтып келет. Бирок көпчүлүк жарандар буга ишенбей башташты", - деп жазылат маалыматта.