Либерияда жер көчкүдөн 45 чакты шахтачы каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, басылып калган эки кендин астынан 45 чакты шахтачынын сөөгүн алып чыгышкан. Каза болгондор ал жакта мыйзамсыз алтын казып жүрүшкөнү айтылат.