Бириккен Араб Эмирлигинде индиялыктар жашаган 48 кабаттуу имарат күйүп кетти

Бириккен Араб Эмирлигинде 48 кабаттуу имарат күйүп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өрт Шаржа шаарында жайгашкан 48 кабаттуу имараттын 10-кабатынан саат 21:00 чамасында чыккан. Ал жакта көбүнесе индия тургундары жашап келгендиги айтылат.

Жергиликтүү басылмалар өрт өчүрүүчүлөр имараттан 250 чакты үй-бүлөнү чыгарып кетишкендигин жазышты. Азырынча өрттүн чыгуу себеби аныктала элек жана жаракат алгандар тууралуу так маалымат бериле элек.

Бириккен Араб Эмирлигинде 48 кабаттуу имарат күйүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chungyz
2020-05-06 10:15:05
Газ балондон чыкса керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан