"Кумтөрдөн" 3 миллион доллар талап кылган” деп айыпталган Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курманов 2 айга убактылуу камакка алынды. Муну бүгүн, 3-сентябрда УКМКнын өкүлү Тилек Чокморов билдирди. Айтымында, чечимди Биринчи Май райондук соту 31-августта чыгарды. “Кармалган жарандар 29-октябрга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот. Учурда тергөө жүрүүдө”,- деди Чокморов. Эскерте кетсек, 28-августта Бактияр Курманов менен Эрмек Жунушбаевдин "Кумтөрдүн" өкүлүнөн акча талап кылган жашыруун тартылган видеотасма жарыяланып, аларга 29-августта кылмыш иши козголгон эле.