"Фейсбук" Орусияга байланыштуу 100дөй аккаунтту өчүрдү

"Фейсбук" компаниясынын 2020-жылдын апрель айындагы эрежени бузган колдонуучулар жөнүндө берген отчётунда Орусияга байланыштуу жүздөй аккаунт өчүрүлгөнү айтылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өчүрүлгөндүн ичинен 46 баракча, 2 тайпа жана бир Инстаграм аккаунту болгон.

"Фейсбуктун эксперттери социалдык тармактын эрежесин бузган контент, пост жарыялагандардын дареги бир нече өлкөдө болгонун белгилейт. Отчёттун авторлору эреже бузгандар Орусия, Донбасс жана Крымдагы ар кандай уюмдарга байланыштуу деп эсептейт", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми орусиялык ТАСС агенттиги компаниянын расмий отчётунда айтылган маалыматтар күмөн жаратарын жана алар баракчалардын кандай эреже бузганы жөнүндө так далилдер келтирилген эместигин жазып чыкты.

Мындан сырткары отчётто Иран, АКШ, Грузия, Мавритания жана Мьянма өлкөлөрүнө байланыштуу да баракчалар өчүрүлгөнү айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
futboler
2020-05-06 16:31:13
Дермократия
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан