2-сентябрда Кыргызстанда 30 өрт кырсыгы катталганын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 12, Жалал-Абад облусунда 2, Ош облусунда 3, Ош шаарында 1, Ысык-Көл облусунда 2, Нарын облусунда 2, Талас облусунда 1, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы орун алды. Кырсыктан каза тапкандар болгон жок.