Болгариялык 22 жаштагы студент Андреа Иванова Барби куурчагына окшошом деп эринине кеминде 20 ирет ийне сайдырып чоңойткон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Дүйнөдөгү эң чоң эриндүү айымдардын катарына кирген Андреа 28-апрелде эринине дагы бир жолу гиалурон кычкылын сайдырган. Анын айтымында, муну менен гана токтолуп калбай, эринин мындан ары да чоңойтуп, сырткы келбетине өзгөртүү киргизүүнү уланта бермекчи. "Дарыгерлер мага экспериментти токтотуу керектигин айтышууда. Бирок мен эриндерим мындан да чоң болушун каалайм. Албетте, ийне сайдыргандан кийин тамак жеген оор болуп калат, ошентсе да эриним өзүмө жагат", - дейт студент.
Маалыматка караганда, Андреа экспериментти 2018-жылдан баштап, ай сайын жаңы процедураларга барып турган. Эрининен тышкары төшүн да чоңойткону маалым болгон. Бала кезинен Барби куурчагына окшошкусу келген студент учурда өзүн куурчактай сезет. А силер, окурмандар, Барби куурчагы менен Андреанын окшоштугун байкадыңыздарбы?