Эмне үчүн идентификациядан азыр өтүү маанилүү?

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтомуна ылайык, электрондук капчыктарынын бардык колдонуучулары 2020-жылдын 1-октябрына чейин идентификацияланышы керек. Көрсөтүлгөн күндөн тартып идентификацияланбаган капчыктарды колдонуу мүмкүн болбой калат.

Бүгүнкү карантин учурунда үйдөн чыкпастан социалдык аралыкты сактоо эрежелерине ылайык, кызматтардын толук спектрин аралыктан алуу муктаждыгы келип чыкты.

Компаниянын иштеп чыгуучулары үйдө отурууга мажбур болгон кыргызстандыктарга кам көрүштү, кыска мөөнөттүн ичинде ыңгайлуу инновациялык чечимди иштеп чыгышты.

Эми сиздин электрондук капчыктын идентификациясын онлайн режиминде түз эле «Мой О!» тиркемесинен өтүүгө болот.

Идентификация кандай кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берет?

1. Лимиттерди көбөйтүү, каражаттарды көбүрөөк сактоо жана коротуу – электрондук капчыктын эсебинен айына 100 000 сомго чейин.

  1. Онлайн-оюндарды, соцтармактарды, байланыш операторлорунун балансын толуктоо менен бирге каталогдогу бардык кызматтарга кирүү мүмкүнчүлүгү.
  2. Тиркемедеги бардык мамлекеттик кызматтарга толугу менен кирүү мүмкүнчүлүгү: транспорттук каражаттары үчүн салыктын суммасы жөнүндө маалымат, жарандардын даректик каттоо маалыматтары жана паспорттук маалыматтары, бюджетке жасалган төлөмдөр боюнча билдирмелер жана башкалар.
  3. Каражаттарды башка «О!Деньги» жана Qiwi-капчыктарга которуу мүмкүнчүлүгү.

Акция тууралуу толук маалымат o.kg сайтында.

Акция 2020-жылдын 1-июнуна чейин жүрөт. 10 ГБ интернет-топтому 7 календарлык күнгө жеткиликтүү. «О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КР УБ лиц.: №2021030817, №3022030817. Идентификация «Дос-Кредобанк» ААК тарабынан жүргүзүлөт. КР УБ лиц.: НБКР №037. МТжБМК караштуу МБА лиц.: №16-0062-КР, №16-0063-КР.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан