
Орусиялык миллиардер, "Сибантрацит", "Востокуголь" компанияларынын ээси
Дмитрий Босов өз жанын кыйды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя 6-майга караган түнү болгон. Босовдун жансыз денесин шаар четиндеги үйүнөн табышкан.
"Бул чындык, Босов эми жок", - деп билдирген анын жакындарынын бири. Окуянын чоо-жайы азыркы тапта белгисиз. Тийиштүү органдар иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат.
Дмитрий Босов "Forbes" журналында эң бай адамдардын рейтингинде 86-орунда турчу. Ал 52 жашта болчу.