Өткөн жылы Австралиянын токоюн тилсиз жоо каптап, миллиардаган жаныбарлар жок болгон. Алардын ичинен коалалар эң көп жабыр тартышкан. Азыркы тапта коалалар ветеринардык клиникалардан чыгарылып, кайрадан токойго жеткизиле баштаганын чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка ылайык, өрттөн 6 миңден 10 миңге чейин коалалар жок болгон. Порт-Маккуори ооруканасы 79 коаланы кабыл алышкан. Алардан 26сы абалы жакшырып, кайрадан токойго коё берилген.
Мындан сырткары 2 коала өмүр боюу клиникада калмай болгон. Алардын күйүп кеткен тырмактары ошол бойдон өскөн эмес. Тырмагы жок жаныбар жапайы жаратылышта жашап кете албайт. Коалалардын саны акыркы жылы кескин кыскарып кеткен, ал эми токойдогу өрттөн кийин алардын жок болуп кетүү коркунучу пайда болгон.