КРнын коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытов 2-сентябрда УКМК жарыялаган видеотасма чыгымчылдык үчүн колдонулду деп эсептебейт. Айтымында, учурда чагымчыл аракеттерге өкмөт менен укук коргоо органдары жол бербейт.
“Радикалдуу аракеттерди жасап “Нарын дарыясын уулайбыз” дегендерди өкмөт унчукпай карап отура бербеши керек. Туура, оппозиция бийликти сындап, “тепкилеши” туура эле, ошонусу менен ал оппозиция. Бирок анын да 2 түрү болот. Бири чындап өлкө үчүн күйүп, өкмөттүн жакшы иштешине багыт берет. Экинчиси УКМК жарыялаган видеотасмадагыдай, “сууну уулап” кандайдыр бир туура эмес кадамдарга барышат”,- деди Мамытов.
Вице-премьер-министр оппозициянын пландарын ашкерелеген Эрланбек Өмүралиевди эч ким коркутпаганын билдирди. “Ал жөнөкөй жигит эмес, оппозициянын активдүү мүчөсү. Бул жигит убагында өкмөттү сындап, анын жакшы иштешине салымын кошом десе керек. Анан жанагыдай кооптуу долбоорлорду көрүп оппозиция менен иштешүүдөн баш тартты. Аны эч ким мажбурлаган жок. Көрүнүп эле турбайбы, ак көйнөк кийген, диванда отуруп шашпай, эркин сүйлөп жатат”,- деди Мамытов.
Мамытов бул факты боюнча кылмыш иши козголушу керек деген ойдо.