Ким утат, Фергюсонбу же Гэтжиби? UFC 249 түз алып берүүсү 10-майда эле O!TV тиркемесинде

Баарыбыз дүйнөлүк аренадагы спорттук окуяларды сагынып калдык! Акыры ошол күн келди…

UFC бир аз дем алыштан кийин UFC 249 турнири менен кайтып келди, кеченин башкы беттеши жеңил салмактагы UFC чемпионунун убактылуу куру үчүн Тони Фергюсон менен Жастин Гэтжинин ортосунда болмокчу. Беттештин көрсөтүүсү 10-май күнү Бишкек убактысы боюнча саат 08:00гө пландаштырылган.

Кыргызстандын аймагындагы бардык беттештерди O!TV тиркемесиндеги UFC ТВ каналы эксклюзивдүү көрсөтөт.

«O!TV Премиум» кызматын күнүгө болгону 7 сомго *750*3# буйрутмасы менен кошуп алыңыз.

Сиздерге бүгүнкү күндөгү эң күттүргөн ММА окуясы сунушталат! Тони Фергюсон менен Жастин Гэтжи – эки кыйын мушкер жана жеңил салмактагы жеңиштин башкы талапкерлери. Фергюсон менен Гэтжи экөөнө биригип, мөөнөткө чейинки 39 жеңишке жана кеченин мыкты беттеши үчүн 17 бонуска ээ болушкан. Кеченин тең-башкы беттешинде эң жеңил салмактагы мурунку UFC чемпиону Доминик Круз бул дивизиондун учурдагы королу Генри Сехудодон курду тартып алууга аракет жасайт.

COVID-19`га байланыштуу жалпы элдик иш-чараларды өткөрүүгө киргизилген чектөөлөргө ылайык, иш-чара көрүүчүлөрсүз өтөт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан