Орусияда ишкерди уурдап кетип, акча талап кылган 2 кыргыз кармалды

Орусияда ишкерди уурдап кетип, акча талап кылган 2 кыргыз кармалганын Орусиянын ММКлары жарыялашты. Окуя Балашиха шаарында болгон. 43 жаштагы Москва облусунун тургунун белгисиз бирөөлөр уурдап кетишип, 3 миллион рубль талап кылышкан. Кийинчерээк алар аталган сумманы 1,5 миллионго чейин түшүрүшкөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышкерлерди кармоо боюнча атайын аракеттер жүргүзүлүп, 25 жана 34 жаштагы 2 кыргызстандык жаран кармалган. Бул жарандар эч жерде иштебегендиги белгилүү болгон, учурда алар убактылуу кармоочу жайга камалган. Ал эми уурдалган ишкер ден соолугунун начарлап кеткенине байланыштуу ооруканага жаткырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
zarlyk2211
2013-09-03 13:29:29
Кыргыздарды жаман көрсөткөн акмактар. Акча талап кылгандар сумманы көбөйтчү эле. Бул жагында өлтүрүптүр.
-1
Lika02
2013-09-03 13:30:39
кыргыздын душманы кыргыз десе жаман коросунор, ошол жакта жашаган мигранттарды жаман корсотуп жаткан адамдарды 2 РФ киргиз кылып коюш керек.
0
Azamatnur
2013-09-03 13:46:39
Эмне эле кыргыздар?
0
admin_superstan
2013-09-03 14:12:21
antivir, сайтта адепсиз, уят, жаргон сөздөрдү колдонууга тыюу салынган.
Билдирүүңүз өчүрүлдү.
Сизге эскертүү!
0
ermek91
2013-09-03 15:11:29
аты жонун жазып койсонор болмок))
0
admin_superstan
2013-09-03 18:53:35
Ura1972, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган.
Билдирүүңүз өчүрүлдү.
0
nazira1989
2013-09-03 19:28:04
Ваааай бизди жаман коргозушуптур го эми,уят эле.
0
shoma198003
2013-09-03 23:00:00
бир кумалак,бир карын майды,чиритет дейт анын сынарындай бул акмактар кыргыз элин жаман аты кылып атышыт да.
0
jguar
2013-09-04 08:27:30
Буларынарго акча талап кылыптыр,андан башка эки акмак Москвада бригадирин олтурушуптурго теледен коргозду.Айлыктарын бербей жургон экен.
0
mayoral
2013-09-04 15:27:45
jguar, Ирас кылыптыр. Бироонун мандай тери менен тапкан эмгегин дароо бериш керек эле.
Бригадир Озуно татыктуу жазасын алыптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан