Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 2 миң 314кө жетти

Өзбекстанда сутка ичинде 16 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жалпы ооругандардын саны муну менен 2 миң 314кө жетти. Алардын ичинен 1 миң 656 адам оорудан айыгып чыкса, 10 адам көз жумган.

Өлкөдө аба каттамдары 30-июнга чейин токтотулган. Азырынча бул тармакты жандантуу маселеси каралган жок. Ооругандар көп катталбаган аймактарда ишканалардын иши жанданып, транспорттор каттамга чыккан. Эртең мененки жана кечки убакытта дүкөнгө же жумушка жеке унаа менен барууга уруксат берилген. Мындан тышкары санитардык талаптарды аткарып, аралыкты сактоо эрежелеринин негизинде тургундардын сейилдөөсүнө да уруксат бар.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KalenAlmaz
2020-05-08 12:17:58
Азайып баратыпдыр жакшы.Так держать.
0
ZUXRIDDIN20
2020-05-08 16:52:08
Алхамдулиллах аз калды Өзбекстанда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан