UFC уюмунун мурдагы чемпиону, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор америкалык мушкер Оскар Де Ла Хойянын чакырыгын кабыл алды. Бул тууралуу спорт басылмалары жазып чыгышты.
Де Ла Хойя Макгрегор менен бокс эрежеси боюнча кармашууга ниеттенип жатканын билдирип, беттеш эки раундга созуларын айткан.
Ал эми Макгрегор "Мен Оскар Де Ла Хойянын чакырыгын кабыл алдым", - деп жазган социалдык тармактагы баракчасына.
Буга чейин 31 жаштагы Макгрегор бокс эрежеси боюнча америкалык Флойд Мейвезер менен беттешип, утулуп калган.