Чүйдө сууга агып кеткен 5 жашар баланын сөөгү табылды
1-сентябрда Чүй районунун Мээнеткеч айылында “Р8”
каналына түшүп кеткен баланын денеси табылды. ӨКМнын басма сөз кызматы
билдиргендей, 5 жаштагы Дастан Эмиловдун сөөгү 2-сентябрда саат 00:30 чамасында
Жаңы-Жер айылынын жанынан “Быстроток” каналынан сугатчылар тарабынан табылып,
туугандарына өткөрүлүп берилген.