Алмазбек Атамбаев Ала-Тоо жаңы конушундагы №82-орто мектепте биринчи коңгуроо аземине катышты

Президент Алмазбек Атамбаев жана Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов бүгүн, 3-сентябрда Ала-Тоо жаңы конушундагы №82-орто мектептин салтанаттуу иш-чарасына катышты. “Окуу жылынын башында Билим күнүн майрамдоо жакшы салтка айланган. Бүгүн окуучулар, ата-энелер жана мугалимдер үчүн унутулгус күн. Бул жылы 15 000 окуучу алгач ирет мектеп партасына отурушат”,- деди шаар мэри. И.Өмүркулов иш-чаранын катышуучуларын билим күнү жана КРнын көз карандысыздыгынын 22 жылдыгы менен куттуктап, президентке сөз кезегин берди. Өз сөзүндө өлкө башчы аталган мектепти кокусунан тандап албаганын билдирди. “№82-мектеп мен үчүн жакын болуп калды. Силердин алдыңарда милдеттүү болгонум үчүн кийинки окуу жылында дагы бул мектепке кайрадан келем. Өткөн жылы мен жаңы мектептин курулушу уланарын убада кылгам. Мектеп Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев тарабынан бөлүнгөн каражатка курулат. Эгер курулуштун каражаты бул жылы бөлүнбөсө, анда мектепти өзүбүз куруп бүтүрөбүз”,- деди президент. Алмазбек Атамбаев Кыргызстанда мамлекеттик бюджеттен билим берүү багыты үчүн 20 пайыз акча бөлүнөрүн белгилеп өттү. Салтанаттуу ачылыштан соң мектеп окуучулары даярдаган чакан концерт коюлду. Президент аталган мектепке 100 000 сом суммасына интерактивдүү такта жана китептерди белек кылды. Белгилей кетсек, аталган мектептин курулушу 1993-жылы башталып, 1-кабаты бүткөрүлгөн. Ал Кыргызстандагы эң ири мектептердин бири. Мектеп 1250 окуучуга ылайыкталган. Быйылкы жылы өлкөдө 25 жаңы мектеп курулуп бүтсө, 90 жаңы билим берүү мекемесин куруу иштери башталган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан