«Керемет Банк» ардагерлерди жана бардык кыргызстандыктарды 9-Май менен куттуктайт!

Кымбаттуу ардагерлер, Улуу Жеӊиш күнүнүн 75 жылдыгы менен эӊ бир кызуу куттуктоону кабыл алыӊыздар! Сиздердин үлүшкө туш болгон сыноолорду эр жүрөк, баатыр жана адилеттиктин салтанатына чын дилден ишенген адамдар гана жеӊе алышмак! Сиздер жеӊүүчүлөрдүн улуу муунусуздар, сиздерден биз мекенчилдикке, туруктуулукка, рухтун күчүнө жана жакшылыкка ишенүүгө үйрөнөбүз.

Жеӊиш Күнүндө «Керемет Банк» Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин эрдигин урмат менен эскерет. Алардын эрдиги, баатырдыгы жана каармандыгы замандаштар үчүн үлгү болуп саналат. Бейпил асман үчүн, сиздер өз урпактарыӊыздарга тартуулаган кыялдар жана жаркын келечек үчүн сиздерге ыракмат, кымбаттуу ардагерлер. Сиздерге чын дилден чыӊ ден соолук, жыргалчылык, бакыт жана узак-узак өмүр каалайбыз! Улуу Жеңиш үчүн сиздерге баш ийип таазим кылабыз жана чексиз ыраазычылык билдиребиз!

«Керемет Банк» бардык кыргызстандыктарга бейпил асманды, эртеӊки күнгө болгон ишеничти, жыргалчылыкты жана бардык башталмаларда ийгиликтерди каалайт!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан