
Англиялык медайым кош бойлуу экендигин билбей жүрүп, 12 сааттык жумуштан кийин төрөдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Англиянын Тайн-энд-Уир графтыгынын Сандерленд шаарында жашаган 31 жаштагы Эмма Хиндмарш аттуу медайым кош бойлуу экендигин билбей жүрүп көз жарды. Эмма акыркы учурда жумуш менен катуу алаксып, тамакты убагында жебей, кээде ашыкча жеп алып жаткандыгынан толуп кеттим го деп ойлогон.
2-май күнү 12 сааттык нөөмөткө турганда ичи ооруп баштаган. Жумуштан келгенде да ичи басылбай койгонунан 2 таблетка парацетамол дарысын ичип алган. Оору күчөй бергенде "Тез жардам" кызматын чакырышкан. Бирок медицина кызматы келгенче Эмма сүйүктүүсү Дэниелдин коштоосунда апасынын телефону аркылуу берген кеңешинин жардамы менен үйүнөн төрөгөн. 2 килограмм 500 грамм салмакта төрөлгөн кызга Изабель деген ысым ыйгарышкан.
"Менде кош бойлуулуктун эч кандай белгиси болгон жок. Эртең менен жүрөгүм айланган жок, кандайдыр бир нерсеге талгак болгон жокмун. Кийимдерим курсагыма тар келип калды, бирок аны мен толуп кеткенимдин жыйынтыгы деп ойлогом", - дейт Эмма.