Beeline кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктайт

Beeline кыргызстандыктарды Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктап, жыл сайын өтүүчү, жакшы салтка айланып калган абоненттерге согуш баатырларына алардын кылган эрдиги үчүн ыраазычылык билдирүүгө мүмкүнчүлүк берген "Помним" аттуу акциясына катышуу мүмкүнчүлүгүңүз бар экенин эске салат.

Beeline компаниясынын абоненттери 9-майда өзүнүн уюлдук телефонунун жардамы менен ардагерлерге ыраазычылык билдире алышат. Жөн гана 951945 номерине "Помним" сөзү менен смс жөнөтүү керек. Муну менен сиз ардагерлерге колдоо көрсөтүү үчүн балансыңыздан 30 сом которосуз.

Компаниянын абоненттеринин күчү менен "Помним" акциясынын алкагында акча каражаттары чогулуп, ардагерлер кеңеши тарабынан берилген тизме менен согуштун катышуучуларына жардам катары бөлүнөт.

Ардагерлердин баатырдыгы, эрктүүлүгү жана өзүн курмандыкка чалууга даяр болгондугу эч качан унутулбайт.

Beeline компаниясы ардагерлерди чын жүрөктөн майрамы менен куттуктап, чың ден соолук, бакубатчылык каалайт.

Сиздерге рахмат, биз унутпайбыз! Биз сыймыктанабыз!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан