Чет элдик басылмалар Кытайда 9 жылдан бери атасын таппай жүргөн адамдын ары кызыктуу, ары аянычтуу окуясын жазышууда. Ага ылайык, Фуцзянь провинциясында 2011-жылы Лонь Дзямин аттуу адам дайынсыз болуп жаткан. Уулу ошондон бери атасын издеп келген. Ал атасы азыр 71 жашка чыкканын билдирген.
"Дээрлик он жыл мурун атам дайынсыз жоголуп кеткен. Аны издөө үчүн жумуштан да чыгып кеткем. Бирок атамды таба алган жокмун", - деген ал.
Жакынкы күндөрдө анын аялына тааныштары TikTok тиркемесиндеги видеону жөнөтүшүп, видеодогу адам Дяминге окшош экен деп айтышкан. Уулу видеону көрөрү менен анын авторуна жазган. Бирок видеону жүктөгөн адам анын бир да билдирүүсүнө жооп берген эмес.
Видеонун автору бир жылдан бери бул адамга жардам берип келем, анын балдары жок деп жазган.
"Баласы жазган билдирүүлөрүнө жооп ала албагандан кийин сервистин администрациясына кайрылган. Ал видеого тарткан адам атамды катталуучуларды көбөйтүү үчүн пайдаланган болушу мүмкүн деп билдирген. Мындан тышкары ал атасы өтө өзгөрүп кеткенин, ошентсе да анын чекесиндеги так аркылуу тааныганын айткан. "Атам ой жүгүртүү жагынан бир аз аксайт, сүйлөөсү да жакшы эмес", - деген атасын издеп жүргөн адам", - деп жазылат маалыматта.