Чүй проспектиндеги талапка жооп бербеген 37 даана көрнөк-жарнак алынды

Бишкек шаарынын мэриясынын Жарнама департаменти райондук администрациялар менен биргеликте Чүй проспекти боюнча кезектеги рейдди өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Анын жүрүшүндө аталган көчөдө мыйзамсыз орнотулган жана эскирген 37 даана көрнөк-жарнак алынып салынды. Иш-чара “КРнын Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын “Шаардын көркөм-эстетикалык абалын жакшыртуу чаралары жөнүндө” токтомунун негизинде өткөрүлдү.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан