CapstroyKG курулуш компаниясы согуш ардагерлерин 9-май Жеңиш күнү менен куттуктады

9-май Жеңиш күнүнө карата CapstroyKG курулуш компаниясы согуш ардагерлерин куттуктады.

Согуш ардагерлерин куттуктап, чакан коюлган азык-түлүк жана дары-дармектер менен камсыз кылды. «Бизге жана келечектеги муунга тынчтыкты белек кылып берген адамдарды эстеп жүрөбүз жана аларга кам көрөбүз. Согуш ардагерлерине колдоо көрсөтүү жана аларга жардам берүү өтө маанилүү, алардын саны азайып баратат. Биз жана келечек муундар өзүбүздүн жашообуз менен иштөөгө болгон мүмкүнчүлүгүбүз, балдарды тарбиялоо, дүйнөнү баалоо менен алардын алдында милдеттүүбүз. CapstroyKG компаниясы ар дайым ардагерлерди колдоп келет жана аларга жеңиш үчүн ыраазычылык билдирет», - деп белгиледи CapstroyKG компаниясынын башкы директору Талантбек Кенжеев.

Ар бир ардагер болжол менен 100 жашта. Ошол оор, татаал күндөрдө башынан өткөн окуялар менен жана кыйынчылыктар менен бөлүштү. Түнү бою уктабастан, өзүнүн эли-жери үчүн тынчтык жашоону сактап калуу үчүн канча аракет жана салым кошушту.

«Согуш катуу жүрүп жаткан. Мен 10-классты бүткөндөн кийин, мени дароо картография жаатындагы училищенин 2-курсуна кабыл алышты. Ал жакта 2 гана ай окудум, 16 жашымда досум менен фронтко жөнөдүк. Мени издөө тобуна кошуп, Новосибирск шаарындагы Чкалов атындагы заводго жөнөтүштү, душмандар бизди дайыма бомбалоого аракеттенишчү, ар дайым чагымчыларды жөнөтүп турушту. Алардын бири качып кутулуп, мени анын артынан жиберишти, анткени менин фотографиялык эс тутумум мыкты болгон – 1000дин арасынан тааный алчумун, анын үстүнө мектеп окуучусу деп, мени шек саноого да кыйын болчу. Ошентип 16 жашымда мен биринчи медалымды аскердик эмгегим үчүн алдым», - деп эскерет Ленин районундагы Улуу Ата Мекендик согуш кеңешинин төрагасы Валентин Касатых.

Республиканын ар бир үй-бүлөсүндө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын эрдиктери жаркын элесте сакталып келет. Быйыл бүткүл дүйнөлүк коомчулук Жеңиш күнүнүн 75 жылдыгын белгилейт. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 262 ардагери бар, былтыр алардын саны 380 болчу.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан