Колу бутун байлап, башын жарып, төрт кабыргасын сындырып, зордукташкан. Украинада кызга болушкан 2 адам өспүрүмдү мыкаачылык менен кыйнашкан

Украинада 17 жаштагы Вячеслав Тунгусковдун аёосуз сабалышына 32 жана 38 жаштагы 2 адам шектелүүдө. Окуянын баары Вячеславдын мурдагы сүйлөшкөн кызы менен сейилдеген учурунан келип чыкканын жазышууда чет элдик маалымат булактары.

Вячеслав Анжела аттуу кыз менен кыз-жигит катары сүйлөшүп жүрүшкөн. Бирок өткөн жылы алар сүйүү мамилесине чекит коюшуп, дос болуп калышкан. 4-майда Вячеслав, Анжела жана анын курбусу үчөө сейилдөөгө чыгышкан. Бул учурда Анжела менен Вячеслав уруша кетип, жигит кызга орой сүйлөгөн. Кыздын курбусу бул үчүн Вячеславдын талуу жерине тээп жиберген. Вячеслав ага жооп кылып, кыздын жамбашына чаап салган.

Анжела Вячеславдын бул кылыгын азыркы жигитине айтып арызданса, курбусу атасына айтып барган. Андан кийин алар Вячеславды үйүнө алып барышып, аёосуз кыйноого алышкан. Окуя боюнча жабыркаган жигиттин апасы төмөнкүлөрдү билдирген.

"Уулум мага ага карата коркутуулар болуп жатканын айткан болчу. 5-майда ал дайынсыз болуп жатты. Мен бардык тааныштарына чала баштадым. Ошондо Анжелага, анын курбусуна да чалып сурадым, бирок алар мага эч нерсе айтышкан эмес. Баламды эки киши жырткычтарча кыйнап жатканда, курбусу алардын жанында болгон экен", - деген ал.

Ал эми Вячеславдын айтымында, кыйноо бир нече саатка созулган.

"Мени үйүнө алып барышкандан кийин колу бутумду, оозумду таңып салышты. Биринчи эле эч кимге чала албай калсын деп телефон менен башка катуу чабышты. Андан кийин арматура менен сабап, жонума лезвие менен тилип жазышты. Канаган жерлериме арак куюп жатышты. Тырмактарымды суурганга аракет кылышты, катуу сабагандан тышкары күрөктүн сабы менен зордукташты. Бул учурда мени талуу жериме тепкен кыз баарын видеого тартып жатты", - деген ал.

Вячеслав эсин жоготкондо, аны аялдамага алып келип таштап кетишкен. Эртеси апасына кабар берилип, дароо ооруканага жеткиришкен. Ал оор абалда, төрт кабыргасы, мурду сынган. Денесинин бир нече жеринен жаракат алып, башына кан уюп калган. Калыбына келүүсүнө көп убакыт талап кылынат.

"Бул боюнча укук коргоо органдарына кабар бергенимде дароо ишке киришишкен жок, качан гана журналисттер жазып чыкканда окуя Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды", - деген апасы.

Ал эми укук коргоо органдары териштирүү башталганын, эгер кылмыш далилденсе алар 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
sumaya
2020-05-09 19:58:14
Буларды адам деп айтканга ооз барбайт.Жеткен мыкаачы акмактар,турмодо чирисенер экен ылайым!Байкуш жаш бала экен,батырак айыгып кетсин.
+16
Gulya78
2020-05-09 20:05:25
Мындай зээнди кейиткен жаңылыктарды чыгарбай эле койсоңор болбойбу кр да болсо бир жөн зыянынан башка пафдасы жок
+13
rola
2020-05-09 20:10:18
Эки буттуу айбандар экен акмактар.Кандай журогу таш болуп калган мыкаачылар булар?
+3
Arai92
2020-05-09 20:42:51
Айбандар! Буларды адам деп айтууга ооз барбайт.
+1
Gulaym-85
2020-05-09 20:44:22
Ушундай жаман кабарларды жазбай эле койсонор болбойбу супер инфо. Ансыз да озубуздун эле чек ара маселе журокту ойуп турганда жакшы жанылык бар бекен деп киресин
+7
Baiaman170395
2020-05-09 21:01:06
Ушундай окуяларды чыгарып элдин психологиясын бузуп жатышат. Окуй берсек, окуй берсек бара-бара өзүбүз көрүп турсак да кадимкидей көрүнүш болуп калат.
+9
Nurmatova.
2020-05-10 13:01:02
Baiaman170395,ооба.анан ушундай мыкаачылык аралашкан эпизоддору бар кинолорду корууго,корсотууго тыйуу салынса жакшы болот эле
+2
sale-81
2020-05-09 21:49:51
Бирде туруп боорун ооруйт бечарага, чынында жанындагы курбу кызы жок болуп калса бул бала эмне кылат эле ал кызды, экөөнө тең кол көтөргөн бала жакшы балабы, ал кыздардын да аталары да жинденген үчүн ушуну кылды да, жабыркаган балага боор ооруганда терең ойлонсонор, а балким ал кызды ушинтип сабап кетмек бул бала, аны да ойлонуш керек, бирок бираз ашыкча сабап коюшуптур, эми мындан кийин орой мүнөзүн токтотоор
+3
Mister-X
2020-05-09 22:36:58
sale-81,Ооба,башында бул бала кыздарды сабаган турбайбы.Анжела коптон бери жабыр жабыр тартып жургон го...
+1
Aimani
2020-05-09 22:37:58
Сабаса да зордуктабай эле коюшпаптыр
+3
make2
2020-05-10 01:33:14
Украинада болгон бизге эмне кереги бар, булардын менталитети, тарбиясы, башка бизге эч бир кереги жок кабар экен
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан